www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Доналдь Трамптын Аргентинадагы чоң жыйырмалар саммитинде президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушары билдирилди.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон Дональд Трамптын Аргентинадагы чоң жыйырмалар саммитинде президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушарын, Сауд Аравиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман менен жолугушуу планынын жок экендигин белгиледи.

Аргентинада жуманын акырында өтө турган чоң жыйырмалар саммитинен мурда Ак үйдө өткөргөн пресс- жыйынында Болтон Трамптын программасын жана эки тараптуу жолугушууларына байланыштуу календарь тууралуу маалымат берди. Болтон Трамптын саммиттин негизинде Аргентина, Кытай, Орусия, Германия, Япония, Индия жана Түштүк Кореянын лидерлери менен жолугушарын белгилеп, президент Эрдоган менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү билдирилди.

Болтон өзгөчө Кашыкчы кылмышына байланыштуу үн жаздырууну угуп же укпагандыгы тууралуу берилген бир суроо боюнчаүн жаздырууну укпагандыгын, арапча болгондуктан укса да түшүнбөй тургандыгын бирок кыскача маанисин окугандыгын айтты.

Андан кийин трибунага келген Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс болсо расмий программанын тышында Трамп менен Мухаммед бин Салмандын жолугушуу ыктымалынын бар же жок экендигине байланыштуу«бул ыктымалды четке кага алышпай тургандарын» айтты. Сандерс өзгөчө : «Кашыкчы тууралуу азырынча акыркы жыйынтыктарды көрө элекпиз. Жаңы далилдерди көргөндө ошого жараша кыймыл кылабыз»,- деди.

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы 2 -октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости