www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Венгрияда ТМУ бейформал саммитине катышат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 20-21-майда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Будапештке иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Уюмдун байкоочу өлкөсү - Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталат.