www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык:

— Кармышаков Улукбек Тойчуевич вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри кызматына дайындалды;

— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси — министр кызматына дайындалды;

— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министри кызматына дайындалды;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, тышкы иштер министри кызматына дайындалды;

— Чынбаева Асель Рыспековна юстиция министри кызматына дайындалды;

— Ниязбеков Улан Омоканович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, ички иштер министри кызматына дайындалды;

— Бейшеналиев Алмазбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри кызматына дайындалды;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;

— Абдралиева Гүлмира Курманбековна транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри кызматына дайындалды;

— Турдубаев Кубанычбек Апышевич энергетика жана өнөр жай министри кызматына дайындалды;

— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;

— Ажикеев Бообек Эргешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындалды;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич маданият, маалымат жана спорт министри кызматына дайындалды;

— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости