www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды.

Экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы өзгөчө белгилегендей, Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр.

Президент аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тутум, социалдык объектилердин курулушу, энергетика жана башка тармактарда биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Аль Бавани Ко ЛТД» аткаруучу директору Фахер Аль Шаваф Мамлекет башчысына компаниянын Кыргызстандын ички рыногунда инвестициялоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Ал «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы рынокто 50 жылга жакын ийгиликтүү иштеп таанылгандыгын баса белгиледи.

Фахер Аль Шаваф белгилегендей, компания узак мөөнөттүү негизде ата мекендик экономиканын бардык ири тармактарында жана социалдык чөйрөдө долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды салат. Ал «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастады.

 
 

Последние новости