www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда өлкөнүн Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовду кабыл алды.
Акыйкатчы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына байланыштуу 2018-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында өтө турган «Адам укуктары Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары» конференциясы тууралуу маалымат берди.
Ал ошондой эле анын Акыйкатчынын кызматында аткарып жаткан ишмердиги жөнүндө кыскача айтып берип, жарандардан келип түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу экенин маалымдады.
Токон Мамытов Омбудсмендин аппараты Омбудсмен институтунун «115 тез линиясынын» ишин жандандырып, анын жардамы менен жарандар ар кандай маселелер боюнча кайрылып жатышканын билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы адам укуктарын коргоонун жана алдыга жылдыруунун маанисин белгилеп, алдыда болжолдонгон адам укуктары боюнча конференцияда каралчу маселелерди колдой турганын билдирди.
Ал сот, тергөө жана прокуратура органдарынын ишине байланыштуу Омбудсмен институтуна түшкөн арыздар дагы бир жолу бул тармактагы токтоосуз реформанын зарыл экендигин айгинелеп турганын белгиледи.
«Бардык арыз-даттанууларды кылдат териштирип, адилеттүү баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жогорулатат. Бул багытта Омбудсмен институту бул тармактардагы реформаларга жооптуу мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта болушу керек», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.