www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул кызматтарга талапкерлер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде колдоо тапты. Аликбек Жекшенкулов, Болот Отунбаев, Динара Кемелова жана Канайым Бактыгулованын дипломаттык тажрыйбасы, иштеги артыкчылыктары эске алынган.
Элчилердин ар кандай билдирүүлөрү, дипломатияга гана эмес, жөнөкөй кызматтык этикага сыйбаган жүрүм-турумдары көп талкууларды жаратып келген. Мындан улам мамлекет башчысы өлкөнүн жүзү болгон элчилерди дайындоо маселесине кылдат мамиле жасоо керектигин белгилеген эле.
Элчилерге коюлган талаптар талапкерлерди кароо учурунда эл өкүлдөрү тарабынан да айтылды. Алыстагы журтташтарга кол сунуп, алардын көйгөйлөрүн чече билген, өлкөлөр ортосундагы байланышты бекемдеп, инвестиция тарта алган жана Кыргызстанды уятка калтырбаган элчилер болсо деген көпчүлүктүн тилеги.Жаңы элчилерди дайындоодо алардын тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы бекеринен эмес. Себеби АКШ, Орусия жана Кытай дүйнөдөгү эң кубаттуу үч мамлекет.
Ошондой эле Түштүк Кореянын да экономикадагы, технологиядагы жаңы жетишкендиктери менен бөлүшүү эске алынган. Кызматташтыктагы ар бир ийгиликке элчилер салым кошушу керек.
Булак: NazarNews.kg