www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-б.,1-п негизинде киргизилет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз республикасынын мамлекеттик түзүлүшү(конституциялык түзүлүшү), шайлоо системасы, мамлекеттик башкаруунун формасы(түрү), администрациялык – аймактык бирдиктер жана башка мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча элдик эркин билүү максатында референдум(бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо» т у у р а л у у
Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун жана 114-берененин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзамды кабыл алат:
1-берене
Кыргыз Республикасынын баардык аймагында референдум(бүткүл элдик добуш берүү) 2019-жылдын 24-ноябрына, жекшембиге дайындалсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркин билиш үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнѳ шайлоо системасына, мамлекеттик башкаруунун формасына(түрүнѳ), администрациялык – аймактык бирдиктерге жана башка ушул мыйзамдын 3-беренесиндеги суроолор жана ага жооп берүүнүн тартиби бекитилип референдумга(бүткүл элдик добуш берүүгѳ) чыгарылсын.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳгү Конституциялык мыйзамдын 10-б. 1-п., 2-п.п. ылайык Элдик демилге менен киргизилген суроолор бюллетенге киргизилип, тѳмѳнкүдѳй жооп берүү тартиби бекитилсин:
1-суроо:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңыланышын колдойсуңбу?
Ооба Жок
2-суроо
Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын(түрүн) колдойсуң?
- Парламенттикпи Ооба Жок
(Мында Германиянын башкаруу системасына окшоп, Президентти Жогорку Кеңештин депутаттары, аймактардан шайланып келген делегаттардын катышуусунда Элдик Курултайда шайлайт. Аткаруу бийлиги толугу менен Ѳкмѳткѳ ѳтѳт.)
- Президенттикпи Ооба Жок
(Мында АКШнын башкаруу системасындай Президентти эл шайлайт, ал мамлекет жана ѳкмѳт башчысы болуп бүткүл жоопкерчиликти ѳз мойнуна алат. Премьер-Министр институту жоюлат.)
3-суроо
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кандай шайлоо системасы менен шайланышын колдойсуң?
- Пропорциялык (100% партиялык тизме менен) Ооба Жок
- Можаритардык (Бир мандаттуу шайлоо округунан) Ооба Жок
- Аралаш (Пропорциялык-Можаритардык(50/50%)) Ооба Жок
4-суроо
Кыргызстандын эли тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү ѳз алдынчалык башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын аткарган ар жылдык иштери Элдик Курултайларда(Элдик бийлик) каралышын жана саясий-коомдук баа берилишин колдойсуңбу?
Ооба Жок
5-суроо
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун башчыларын: Мэрлерди жана айыл ѳкмѳт башчыларын тийиштүү жергиликтүү администрациялык-аймактык бирдиктердин (шаарлар, айыл-аймактары) эли тарабынан түздѳн-түз шайланышын колдойсуңбу?
Ооба Жок
6-суроо
Облустар жоюлуп, райондор менен айыл-аймактары ириленишин колдойсуңбу?
Ооба Жок
7-суроо
Кыргыз Республикасында расмий тил институтунун жоюлушун колдойсуңбу?
Ооба Жок
Эскертме: Тандап алынган жооп боюнча тиешелүү квадратка белгини коюңуз.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы:
1) Референдумду уюштуруу, материалдык жана каржылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин.
2) Референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү мезгиленде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы, аткаруу бийлиги жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен ѳз ара тыгыз аракеттенүү менен референдумду уюшкандыкта ѳткѳрүүнү мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылсын, аны даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ коомчулукка системалуу түрдѳ маалымат берип турсун.
5-берене
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, референдумга(бүткүл элдик добуш берүүгѳ) чыгарылган маселелер боюнча элдин эркине ылайык Конституциялык реформаны токтоосуз баштасын.
6-берене
Ушул мыйзам референдумдун жыйынтыгы расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков
Булак: NazarNews.kg