www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда иш сапары менен Россиянын Москва шаарына барды. Мамлекет башчынын учагы «Внуково-2» эл аралык аэропортуна конду, деп билдирди басма сөз кызматы.
Аэропортто С.Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
Бул сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.