www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович! 

28-жылдан бери саясат менен алышып олтуруп, мамлекеттин кызыкчылыгы экинчи орунда калып кетти. Эгемендүүлүктү алгандан бери 3 муун тарбияланып жетилди. Тилекке каршы келечекке кам көрүү али да болсо кура албай келебиз. Билебиз, жапа тырмак киришкенде гана мамлекетибиз спорттун, маданияттын, экономикасын өнүктүрө алабыз. 

Ток этер жери. Сизге кайрылуумдун себеби: Кыргыз волейболчулары акыркы 5 жылдын ичинде Азиянын күчтүү 10 командасынын катарына кирип бара алды. Борбордук Азия аймагында Кыргызстан азырынча теңдешсиз. Турнирден уюштурулуп жатканына 5 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта биздин волейболчулар тарых жазышты. 2017-жылы өлкө тарыхында Кыргызстан 1-жолу эл аралык Азиянын борбордук зонасында чемпион аталышып, Кыргызстандын желегин желбиретишти. Ал эми, 2019-жылы турнирде бир дагы бир партия жеңилбеген жападан жалгыз команда болуп тарыхта калды. 2015-жылдан бери Кыргызстан 1 күмүш, 1 коло, 2 алтын медаль алып жалпы эсепте дагы 1-орун болуп келе жатабыз. Бул жагынан оюнчуларга машыктыруучуларга сөз жок. Алар өз жумуштарын жасашты. Мекен үчүн болгон күчүн жумшап, намысты колдон чыгарган жок . 

Ал эми мамлекетчи? Мамлекет биздин баатырлар үчүн эмне кылды? Ошол оюнчулар 2017-жылы чемпион болуп келгенде эмне кылды? Элдин канын соруп, мамлекеттин казынасына колгон салган ууруларга берилген наам, даңк, медалдар Кыргызстандын атагын дүйнөгө таанытып жүргөн машыктыруучуга буйрубады го... Андрей Анкудинов Владимировичтин кадырын билбеген сокур элбиз да. Ал мамлекеттин сыйлыгына зар эмес. Өз кесибин сүйгөн мыкты инсан. Кыргыз волейболунун эл аралык аренада дөө-шааларга айландырган машыктыруучу. Эгерде ушул киши мамлекеттик бир дагы сыйлыкка татыктуу болбосо анда билбейм. Мисал катары айтып кетейин финалда бизден жеңилип калган Өзбекстан курама командасы 2-орунду алгандыгы үчүн жакында президент тарабынан сыйлана турган болуп жатат. Демек биз дагы деле үн катпай олтура берсек наадандык болуп калбайбы? 

Ал эми оюнчулар тууралуу айтсак, 2017-жылы чемпион болуп келген оюнчулар мамлекеттен сыйлык катары 15 миң сомдон акча алышкан. Ошо жерде сөз болгон "эми мындай сыйлык мамлекет тарабынан ай сайын чемпиондорго берилип турат" деген. Тилекке каршы андай болгон жок. Башка өлкөлөргө салыштыруунун кереги жок деп ойлоймун. Өзүңүздүн маалыматыңыз бар чыгаар. 

Кыскасын айтканда мына ушул Ак Шумкарларды өзүңүз кабыл алып, колунан кысып, ыраазычылыгыңызды мамлекет башчы катары билгизип, ай сайын стипендия катары сыйлык бербесеңиз дагы “биртке” сыйлап коюңуз. “Биртке” дегеним албетте башка өлкөлөрдөгүдөй ар бирине 100 миң доллардан акча, кошумча үй, унаа дегеним эмес жалпылап алганда 100 миң доллар ашыгы менен жетмек. Албетте бул ошол жигиттердин эмгеги. Билсеңиз жигиттер улуттук курама командага ойногондугу үчүн эч кандай айлык акы алышпайт. Анан бүт бардык  карапайым спортчулар. Өлкөбүздун булуң-бурчунан чыккан айылдык мыкты жигиттер. Президент өзү кабыл алып, мамлекет тарабынан сыйланып жатса бүтүн Кыргызстан кубанбай койбойт. Жаштарга дагы жакшы бир стимул болуп берет. Волейболго жыргатып деле акча бөлүнбөөрүн өзүңүз жакшы билесиз. Ийгилик жаратып жаткан жигиттерге ыраазычылык билдирбей койсок ийгилик өзү капа болбойбу? Биз ушундай кылышыбыз керек, ийгиликтин артынан ийгилик жарала берсин.

Айтайын дегеним балдардын, федерациянын мээнети, ийгилиги бааланбай калбасын. Мен ишенем сиз спортту түшүнгөн киши катары улуттук курамдын жигиттерин кабыл алып "жок" дегенде, бирден унаа белекке бересиз деп. Биздин жигиттер баарына татыктуу.  Чынын айтуу керек кечээ чемпиондорду татыктуу тосуп ала албадык. Мына ушулардын эмгегин баалабасак тарых бизди кечирбейт. Кыргызстан үчүн болгон күчүн жумшаган уулдарын тосо албай, мамлекеттин качып кеткен ууруларды тосуп алган элбиз. Аман болойлу бар болойлу! Алга кыргыз спорту! Алга Кыргызстан!

Сизди терең урматтоом менен,  активист Кылыч Шанаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости