www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев президент болуп турганда: “Путин менин жан кыйбас досум” же “Эрдогандай дос бул дүйнөдө табылбайт” – деп көп айтчу. Путин досу Атамбаев президенттен кеткени келип –кетип эле жүрөт, бирок досун чакырып учурашканын уккан киши жок. Ал эми Эрдоган досу менен Атамбаев бийлик башында турганда эле бири-бирин сүйбөй калган. Атамбаев Эрдоганга каршы чыккан Гүленди колдогон жок, бирок Эрдоган досу менен “Жылкыга карап ышкырбай” койсо керек. Элдин айтымында Атамбаев Кыргызстандан чогулткан байлыгын Түркияга топтогон имиш. Түркиянын мамлекеттик бюджетине чоң салым кошуп жүрдү. Эмне үчүн Кыргызстандан алган байлыгын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин өсүшүнө салым кошпойт? Атамбаев Фарид Ниязовдун карамагындагы “Азаттык” үн алгысын Түркияга, Измирге жана Эгей деңизине жиберген. Бирок алар кичинекей ишканаларга маани берген эмес. Анткени Атамбаевдин Түркияда завод, ресторан ал эмес чач тарачтары болгон. Анын ичинде Түркиянын оозун ачырган “Гүлжанлар” деген ишканасы да бар эле. Ал заводду ал 2002-жылы атасынан калган дивиденддерге 1 миллиард 900 миллион сомго сатып алган. Буларды сакташ үчүн ал Түркиянын президенти Эрдоган менен дос болууга аракет кылган. Арийне, эмне тагдырдын жазмышы болгонун ким билет, Атамбаев менен Эрдоган бири-бирин карашпас душманга айланган. Мунун барын кийинки президент түздөгөнүн көпчүлүк билет. Бүгүнкү күнү Түркиянын Кыргызстандагы мектептери өзгөчө макамдар менен жашап жатат. Бул боюнча өзүнчө сөз болор...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости