www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда психикалык жактан жабыркап, расмий каттоодо тургандардын жалпы саны 53 минден ашат. Бул тууралуу республикалык психикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун директору Ураимжан Исмаилов маалымдап чыкты. Ал расмий эмес эсеп мындан көп болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

«Бул расмий гана сандар, бирок катталбаган адамдарды болжол менен калктын 20 пайызы деп эсептеп жатабыз. Башкача айтканда, 53 миңден ашуун адамды 7-8 эсе көбөйткөнгө барабар» деди Исмаилов. Өлкөдө психикалык саламаттыкты дарылаган адистер жетишсиз. 6 миллиондон ашуун элге 145 психиатр гана бар. Ал эми жалпы өлкө боюнча балдардын адистешкен 6 психиатры гана иштеп жатат.

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости