www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин орус газ куурларын ким жардырганын айтты

Кечээ, 30-сентябрда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Украинанын оккупацияланган аймактарынын аннексияланышы тууралуу сөзүндө «англосаксондорду» Түндүк агымдагы газ түтүктөрүн бомбалады деп айыптады. Бул тууралуу «Медуза» басылмасы жазып чыкты.

«Англосаксондор үчүн санкциялар жетишсиз. Алар Балтика деңизинин түбү менен өткөн эл аралык Түндүк Агым газ куурларын бомбалоо менен укмуштуудай саботаж жасашты. Алар жалпы европалык энергетикалык инфраструктураны талкалай башташты. Мындан ким пайда тапты? Бул албетте баарына түшүнүктүү», - деди Орусиянын президенти.

Буга чейин Евробиримдик Орусиядан келген газдын азайышынан улам АКШдан суюлтулган газды алып жатканы белгилүү болгон. Бул фактынын негизинде басылма Путиндин сөзүндө «англосаксондор» биринчи кезекте АКШны билдиргенин белгилеген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында бир нече сааттын ичинде «Түндүк Агым» жана «Түндүк Агым-2» газ түтүктөрүндө төрт газдын агып кеткен жери аныкталган. Алардын биринчиси Даниянын Борнхолм аралына жакын жердеги «Нордик агым-2де» табылган. Андан кийин Түндүк Агымда агып чыкканы кабарланган. Даниянын энергетика агенттиги деңизге чоң көлөмдөгү газ киргенин билдирди. Акыркы төртүнчү агып чыгуу чекити Швециянын аймагында табылган. Учактарга жана кемелерге окуя болгон жерге беш деңиз милден жакын келүүгө тыюу салынды.

Последние новости