www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустук пандемия учурундагы кыйынчылыктарга жана Орусияга каршы санкцияларга карабастан, өлкө Африка өлкөлөрү менен соода алакаларынын өсүшүн камсыздай алды. Бул тууралуу бейшембиде, 27-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.
"Коронавирустук пандемияга жана Орусияга каршы мыйзамсыз санкцияларга байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, биз соода-экономикалык байланыштардын темпин камсыз кыла алдык", - деди мамлекет башчысы Африка биримдигинин төрагасы, Комор аралдары союзунун президенти Азали Ассумани жана Африка союзунун комиссиясынын председатели Мусса Факи Махамат менен жолгушууда.
Ал 2023-жылдын биринчи жарымында соода жүгүртүү дээрлик 35%га өскөнүн баса белгиледи. Путиндин айтымында, 2022-жылы өз ара сооданын көлөмү 189 миллиард долларды түзгөн.
Ал белгилегендей, жолугушууда мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттыкты сактоонун улуттук системасын өнүктүрүү боюнча чечимдерди талкуулашат.
Белгилей кетсек, 27-28-июлда Санкт-Петербург шаарында экинчи Орусия-Африка өнөктөштүк саммити жана форуму өтүүдө. Ага Африка континентинин 49 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.
Булак: NazarNews.kg