www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө 30 жыл мурда орнотулган капиталисттик системанын жыйынтыгын көрүп жатабыз. АКШ баш болгон капиталисттердин бул системасы бизден мурда Африка континентинде колдонулуп, бечара негрлер ачкачылыктан кырыла баштаган. АКШнын алдамчы саясатына туш болгон Африка өлкөлөрү бүгүнкү күнгө чейин оңоло албай келе жатышат.

Бизде болсо Москва, Кремль, Компартияга каршы чыккан эл душмандары бийликке келишип, капиталисттердин айткандарын ашыгы менен аткарып турушкан. Бүтүндөй бир мамлекетти бир ок чыгарбай туруп чачыратып жок кылуунун кандай сырлары болгон? Болгону мамлекет башындагы бир адамдын аң-сезимин 180 градуска тескери буруп, мамлекетке, элге каршы түзүлгөн системаны орнотуп коюшкан.

Мисал катары айтсак, капиталисттердин приватизация мыйзамын ашыгы менен аткарган Кыргызстан таланып-тонолуп, сатылып, уурдалып отуруп, миллиондогон кыргыз эли чачырап кетти. Кудай Теңирин тааныбай көөп кетишкен президенттердин айланасында коррупциялык жана мафиялык топтор пайда болушуп, кадимки кылмышкерлерге айланганы эл аралык деңгээлде талкууланууда.

Кыргызстандагы болуп жаткан элдик революциялар капиталисттердин көзөмөлүндө болгондуктан, өздөрү орноткон «өзүн-өзү жок кылуу системасын» ар бир революциядан кийин эч өзгөрүүсүз калтырып коё алышат. Анткени Кудайын тааныбай калган кыргыздар капиталисттерге гана баш ийишет.

Кыргызстанды талкалап келаткан приватизация мыйзамы жаңы Конституцияда эч өзгөрүүсүз кала бергендиктен, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын калган-каткан мүлктөрүн жеке менчикке чачыратып, Акаевдин жоругун кайталайбы?

Мындан сырткары, Кыргызстанды сатып жок кылуу планы мурдагы премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин өкмөтүндө иштелип чыгып, «Кыргызстандын стратегиялык объектилерин тышкы башкарууга берүү» деп аталган. Стратегиялык объектилерди НАТО өлкөлөрү сатып алышса Кыргызстан үч чоң державанын (Россия–Кытай–АКШ) согуштук регионуна айланып калышы мүмкүн.

Булак: Азия News гезити

Последние новости