www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-декабрда Россиянын президенти Владимир Путин жеке тараптарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп таанууга жол ачкан мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, бийлик эми «чет өлкөлүк таңчылардын» тизмесине киргизилген уюмдарда иштеген журналисттерди «чет элдик агент» деп тааный алат. Ошол эле маалда мындай макам чет элдик ЖМКлар менен кызматташып, алардан акча алган жеке адамдарга дагы бирилиши мүмкүн.
Эгер чет өлкөлүк басылманын макаласы Россияда белгиленген ишмердүүлүк тартибин бузса, кабыл алынган нормалар «чет өлкөлүк агенттердин же аны негиздеген юридикалык жактардын сайттарына бөгөт коюуга» мүмкүндүк берет.
«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Россияда 2012-жылы кабыл алынган. Аны менен сырттан акча алган бейөкмөт уюмдар атайын реестерде катталууга милдеттендирилген. 2017-жылы ноябрдан тарта чет жактан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарын дагы бул тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштаган. Учурда аталган реестрде 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.
Булак: NazarNews.kg