www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айып пул өлчөмү боюнча мыйзам күчүнө киргенден бери карапайым калктын ырыскысы кесилип, бир топ акчалар төлөндү. Ошону менен бирге айып пул өлчөмү жогору, бирок жол белгилери, чиймелери оңдолбой, жаңыртылбай турганы кейиштүү. 23-май күнү жол кыймылына каршы айып пулдардын өлчөмүн азайтуу талабын коюшуп, айдоочулар атайын акцияга чыкканы турушат. Бул акциянын уюштуруучусу «Элет көйгөйү» коомдук уюмунун өкүлдөрү. Акция Чүй-Ауэзов көчөлөрүнөн башталып,Фучик көчөсүнөн жыйынтыкталат. Акцияга үч миңдей айдоочулар автоунаалары менен катышуусу күтүлүүдө.

Марлен МАМАТАЛИЕВ, ЖК депутаты:

- Бул күтүлө турган нерсе болчу. Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар бул маселени көтөрүп келебиз. Өткөн бейшемби күнү да бир топ маселелер көтөрүлдү. Ал жерде биринчиден, айып пулдардын өлчөмүн башка мамлекеттер менен салыштырып жатышат. Алардын экономикасы башка. Турмуш шарттары жогору. Айып пулдардын өлчөмүн алардын экономикасына салыштырып өлчөө туура эмес болуп калды. Элдин жашоо турмушун анализдеп туруп, туура тартипке келтириш керек болчу. Ал айып пулдар айрымдардын айлык акысынын жарым өлчөмү болгон учурлар да көп кездешүдө. Экинчиси, тилекке каршы, көп жерлерде атайын белгилер жок, бирок камералар иштеп жатат. Үчүнчүсү, айрым белгилердин туура эмес турганы. Алар, тескерисинче, адамды психологиялык жактан бузуута түрткү болгон учурлар да жок эмес. Ушунун баары биригип келип жалпы көйгөйдү жаратат.

Автоунааларын эски кожоюндарынан ишеним кат менен алгандар көп. Айып пулдар эски кожоюндарга келип, эл ортодо эзилүүдө. Мына ушундай көйгөйлөрдөн улам калктын маанайы жакшы эмес. Оппозиция болобу, же бийликке каршылык көрсөткөндөр болобу, мындай учурду колдонуп калбоо дагы алар үчүн утулуш. Ошондуктан мындай аргумент элди каршылыкка алып чыгуу аргументи болуп калды. Биз айтканбыз, айтып да келебиз, айып пулдун өлчөмүн азайтып, жол белгилерин ордуна келтиришибиз керек. «Коопсуз шаар» дегенден кийин камералар, фотосъемкалар турган жерлерге биздин МАИ кызматкерлери турбаш керек.

Айбек МЫРЗА, жарандык активист:

- Мага үч миң сом төлөөгө айып пул кагазы чыгып келди. Он беш күндүн ичинде 1500 сом төлөдүм. Карапайым элдин жашоосуна айып пулду төлөө бир топ жогору. Мурунку айып пулдардын өлчөмүндө төлөө зарыл. Айып пул өлчөмүндө же көлөмүндө эмес, эреже бузуулардын көптүгү жаза тартпагандыктан көп болчу. МАИ кызматкерлерине кичине тыйын берип өтүп кете беришчү. Ал эми камера орнотулгандан баштап айып пулдун көлөмү азайса деле адамдар эреже бузбайт. Анткени миң сом болсо деле карапайым адамдардын чөнтөгүнө таасир этет. Айып пул элдин айлыгынын көбөйүшүнө жараша болуш керек болчу. Бирок айлык акыларды көтөрбөй туруп, айып пулду үч эсе көтөрүү бул туура эмес. Ошол себептүү өкмөт айып пулду карап чыгып, анын мурдагы көлөмүн калтырыш керек. Бизде салыктарды, айып пулдарды көбөйтүүгө аракет кылып жатышат. Элге ошондой шарт түзүп, киреше булактарын көбөйтүү зарыл. Элдин киреше булагын көбөйтпөй туруп, айып пулду көбөйтүү карапайым калктын жарыбаган чөнтөгүн кагып, канын сорууга тете иш. Тендерди чет элдин компаниясына бергендери да туура эмес, Бул мамлекеттик айтишниктердин колунан келе турган нерсе. Кайра барып эле чет элдик компанияга карапайым элдин акчасын берип жатабыз. Бул да туура эмес. Биздин мамлекет өзү кылыш керек болчу.

Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат талдоочу:

- Айып пулдардын өлчөмү жогору, бирок жол белгилери туура эмес коюлган. Көп көчөлөрдө асфальттагы чиймелер туура эмес. Ал айдоочулардын жок жерден айып пул төлөөсүнө түрткү болуп калууда. Жол белгилерин кайрадан коюп, чиймелерин чийип, стандартка келтириш керек. «Коопсуз шаардын» эң негизги максаты - жол эрежесин тартипке келтирүү. Бирок биздикилер акча чогултууну башкы максат кылып койгондой. «Коопсуз шаардын» саясаты ошондой. Эгер тартипке келтирүү болгондо, анда жол чиймелерин, жол стандарттарынын баарын оңдоп-түзөш керек болчу. Болбосо азыр айдоочуларды ыңгайсыз шартка кептеп коюшту. Бирок, айып пулдар төлөнүп жатканы менен жаңы эч бир иш жасалганына күбө боло элекпиз.

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости