www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү акча алуу жеңилдейт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ЖМКларга билдирди. Анын айтымында, азыркы кезде сүйүнчүнү алыш үчүн ата-эненин паспортунан тышкары банктык эсептин реквизиттери талап кылынууда. Ал эми келерки жылдын 1-мартынан баштап паспорттор гана керек болот:
- Баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганы Мамлекеттик каттоо кызматына барганда эле ата-эне эгер сүйүнчү пул ала турган болсо ошол жердеги кызматкерге айтат. Ал ата-энесинин паспортунун негизинде эле арызды өзү толтуруп, бизге он-лайн режимде маалымат жөнөтөт. Биз азыр өзүбүздө болгон процедураларды өзгөртүп, эки күндүн ичинде төлөп бергидей кылганы жатабыз.
Министр Кочкоровдун айтымында, учурда мындай ыкма пилоттук негизде Бишкекте жана Сокулук районунда иштеп жатат. Банктан эсеп ачуу талап кылынбайт. Ата-эне акчаны эки күндүн ичинде каалаган банкынан же картасына ала алат.
2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага 4 миң сом өлчөмүндө сүйүнчү чегерилип келе жатат. Азыркыга чейин 103 миң 553 балага төлөндү. Бул үчүн мамлекеттик казынадан жалпысынан 365 миллион 800 миң сом бөлүндү.
Булак: NazarNews.kg