www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окурманыбыз өзүнүн аты-жөнүн жашыруун сактап өзүнүн түйшүктүү жашоосун баяндап [email protected] электрондук дарегибизге төмөндөгү катты жөнөткөн.
Саламатсыздарбы, менин катымды анонимдүү түрдө чыгарып бериңиздерчи суранам. Жашым 32де, 3 баланын энесимин жакшынакай жолдошум бар. Менин жашоом тууралуу окурмандар менен бөлүшкүм келди.18 жашымда ала качып, күйөөгө тийип отуруп калдым. Бир үй-бүлөө болуп жашап 2ни төрөдүм жалгыз эркек эле, кайын-журтум кагып силкип, мени кор кылышты. Биз шаарга өзүнчө бөлүнүп, ачка-ток жашап жашоо кызыксыз болуп калды. Иштесек акчабызды шыпырып кетишет, жетишпеген жашоодон улам уруш.
Ошентип кайын-журтум аралаша берип ажырашып кеттик. Шаарда иштеп жүрдүм тигүүчү болуп. Азыркы жолдошумду тигүүчү болуп жүрүп жолуктурдум. Аны менен жашоо кызыктуу болуп. Балдарыма кенен кийим, тамак ашын салып жүрүп акыры нике кыйып жашап калдык. Ошол күндөн тарта мени кыжаалат кылган суроо "качан үйлөнөбүз" дейм.
Жолдошум мурда үйлөнбөгөн бала эле,. Ата-энеси макул болуп, кайра айныйт же ал мени коё бербейт. Бирок ушул жашообузга шүгүр. Ошондой күндөрү балдарым кайын-журтта эле, балдарыма кусалыгым артып, сагынам. Ал менин абалымды түшүнүп балдарымды жаныма алып кел деди алып келдим.
Экөөбүз бир-үй бүлөдөй кийинтип, ичинтип, багып балдарымды окууга киргиздик. Канча жыл чогуу жашасак дагы үйлөнбөй жүрдүк. Бир күнү жолдошум чогуу чогулкан акчабыздан чоң суммадагы акчаны үйүнө берди. Анын айтуусунда үйүндөгүлөр "бизди үйлөнтөбүз" деп акча сурады дегенинен, макулдугумду берип бетим ачылат экен деп сүйүнүп калдым.
Бирок, акчабызды алып салтка ылайык кылып биздин тойду өткөрүп үйлөнткөн жок. Кайын журтум чакырганынан барсак, үйдө киши жок. Жоолук салып, халат кийгизип койду. Ошону менен биздин той бүттү. Менин жаман акыбалда калганымдын себеби барганымда же бизди тосуп чыккан киши жок, нике кыйдырган да жок. Бизге арнап сойгон бир кой жок. Анысына көздү жумсам бизге арнап бата берген киши жок эртеси эле кетип калдык. Кайын журтум чоң той беребиз шашпай деди биз кетип жатканда. Ал убактан бери 7жыл өттү. Менин ата-энеме бир чыны чай берип коюшпайт, келгенден кийин бирди төрөдүм. Ал кабар деле жүрөктөрүн жылыткан жок.Балама арнап же жээнтек бербеди анысына да көздү жумдум. Кайын журтум менен учурда байланышып турам, катышыбыз жакшы.
Бирок мендеги таарыныч бар. Айтымдарына караганда жолдошумду чоң кайнатамдар багып бөлөк өстү болуп калган экен. Ошол себептүү бизге салкын мамиле жасайбы билбейм..
"Бекер катын" болуп калдым ата-энем менен кайын журтум бири бирин тааныбайт. Мени тынчтандырган нерсе мага аялдык бакыт тартуулап жолдошум жакшы адам. Учурда балдарым менен үйдөмүн. Элден кем кылып жок кылбай багып келет. Мурунку никедеги балдарыма ата болду. Анда күнөө жок. Үйгө барганда келинимден уялам,менден кийинки абысынымдан. 3 жыл мурун ал келинди укмуш той берип алышты. Ага кылган мамилесин мага да кылса болот эле го. Ушинтип ата-эне балдарын биринчи сорт же экинчи сорт кылып бөлсө болобу? Же мындай жаман ойлордон арыла албаган күнөө мендеби?
Булак: NazarNews.kg