www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда демилгечи топтун мүчөлөрү тойлорду жана үрп-адатты өткөрүү тартибин көзөмөлгө алуучу мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.

Мурунку депутат Аида Салянованын айтымында, үйлөнүү үлпөт тойлордо жаш жубайлардын туугандарына белек катары кийим бергенге тыюу салуу керек. Белектер болгону үйлөнүп жаткан жаштарга гана берилиши зарыл.

Эгерде нике жарандардын абалын каттоочу жайда кыйылса, анда коштоочу унаалардын саны 4төн ашпашы керек.

Маалыматка караганда, өлгөндү көмүү зыйнатына дагы чектөө киргизүү зарыл. Мисалы, жаназа окуганда ири мүйүздүү мал, жылкы союлбашы керек. Өлгөндү эскерүү иш-чараларында мал сойбоо керек. Аида Салянованын айтымында, бул чектөөлөр аткаминерлерге гана тиешелүү.

Эгерде мамлекеттик кызматкер мыйзамды бузса, аны коомдук сөгүш менен жазалоо керек.

Эскерте кетсек, маркум Султан Жумагулов дагы кымбат чапан кийгизүү жана калпактарды берүү жана ашыкча акча коротуп, тойлорду өткөзүү кыргыз элине кедергисин тийгизээрин айтып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости