www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-февралда КСДПнын маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев партияны бир күнү башка бирөөгө өткөрүп берерин билдирди. Атамбаевдин айтымында, партияда ишенимдүү гана үзөңгүлөштөрү калган. Ал эми жагалдангандар жана депутаттык мандат, карьера үчүн партияга киргендер четинин кетип жатат. Экс-президент “Атамбаев түбөлүктүү эмес. Дайыма эле партияны башкарбайт. Мамлекетти башкаргандай эле бир күнү партияны да өткөрүп берем”,- деди.
Эскерте кетсек, бүгүн КСДПнын басма сөз жыйыны болду.
Бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында экс-президент Атамбаевди колдогондор азчылыкты түзүп калды. Бизди колдогондор көп, бирок кайсыл бир жагдайлардан улам алар аны ачык билдире албай жатат", - дейт эл өкүлү Ирина Карамушкина.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Атамбаевди колдогондорго карата кысым көргөзүлүп, айрым депутаттардын туугандарына УКМК жана Эсеп палатасы текшерүү менен келип жатканын билдирди.
Жазгүл Урмамбетова,
NazarNews.kg