www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео боюнча “Оптима Банк” билдирүү таратты. Банк ал билдирүүдө тартылган видео кардардын өзүнө гана берилгенин, тасманын Интернетте тарап кеткенине тиешеси жок экенин билдирди.

Маалыматта ал тасма мындан бир жыл мурун тартылганы белгиленген. Себеби, кардар келишимге ылайык банктагы уячанын ижара акысын төлөгөн эмес - деп жазат Азаттык.

Улуттук банктын жобосуна ылайык банк кызматкерлери уячаны ачып, андагы каражаттар алынып, ээсине берилет. Бул аракеттердин баары видео тасмага тартылып, ал да кардарга тапшырылат. Бир ай мурун билдирүү жөнөтүлгөнү менен кардар уячадагы каражатын алып кетүүгө келген эмес. Банк бардык мыйзамдар так аткарылганын белгилеп, кардарлардын кызыкчылыктары так сакталганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости