www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сөгөнөөк мэр" эми бизди каттого алат

Бир жыл мурун бекиген өкмөт элдин үмүтүн актаган жок, аны ачык айтып коюшубуз керек. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал күн сайын курчууда. Бир да ишти ийине жеткирип чече албады. Өзгөчө кадр маселесинде аксады, Илең-салаң болгон жетекчилерди кетирип, чечкиндүү чара көрүштүн ордуна сөгүш менен гана чектелди. Маселен өкмөттө чоң жылышты жасаш үчүн Энергохолдинг жетекчиси А.Абдыкаров,Токой чарбасынын мүдүрү А.Рустамов, Билим берүү министри Г.Кудайбердиева, вице-премьер Ж.Разаков, Саламаттыкты сактоо министри К.Чолпонбаев өңдүү Кудайдан жөө качкандарды алдакачан «көчүккө» тебиш керек эле.

Ага баралган жок. Коррупцияга белчесинен баткан Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованы кетирип, анын ордуна кадр табылбай калгансып кадимки Сапар Исаковдун курсташы, досу болгон, элге сөгөнөөктүгү менен таанылган «бок ооз» Алмаз Мамбетовду отургузду.
Эми бир кездеги «сөгөнөөк мэр» бизди тизмелейт. Анын жемкорлук иштери буга чейин узун сабак кеп болуп айтылып, Балыкчынын тургундары жерге түкүрүп келгенин билебиз. Бүгүнкү өкмөттүн күнү ошого түшүп калса, бүткөн экен да.

Булак: "Мантыш"

 

 

Последние новости