www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"ТилБил Camp" жайкы тил лагери ачылды

2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Тогуз-Торо районунун 6-7-8-класстарынын окуучулары үчүн  быйыл дагы англис тил лагери уюштурулуп жатат.

"ТилБил Camp" жайкы тил лагеринин уюштуруучулары бул жылы дагы Тогуз-Торо районунун англис тилчи мугалимдери жана 6-7-8-класстарынын окуучулары үчүн жайкы эс алуу күндөрүнө карата англис тили лагерин өткөрүү алдында турат.
 2018-жылы  окуучулар өз  каражатарына окуган болсо, быйыл толугу менен АКШ өкмөтү каржылаган "Бүтүрүүчүлөрдүн чакан гранттар" программасынын каражаты менен каржыланууда. Аталган чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги тарабынан каржыланып, 6-7-8-класстарынын окуучулары акысыз англис тилин үйрөнүү, дүйнө таанымын таанытуу мүмкүнчүлүгүнө  ээ. Ошондой эле  "ТилБил Camp-2019" лагери Америкалык эл аралык билим берүү кенештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Лагерди татыктуу ишке ашыруу максатында "Форум чет тилчи мугалимдер ассоциациясы", "Тынчтык" корпусу, райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлчүлүктөрү жана бул долбоорду иштеп чыккан Тогуз-Торо районунун активдүү жаштары менен биргеликте ишке ашырылмакчы. 
Жайкы тил үйрөнүү лагери бир гана окуучуларга арналбастан, аларга англис тилин тааныткан англис тилчи мугалимдерге да багытталып, АКШ элинен келген ыктыярчылардан тажрыйба алмашуу жүрөт. Бул лагерге катышуу үчүн окуучулар 29-апрелден 5-майга чейин анкета толтурушту, жыйынтыгы 1-июндан 5-июнда чыгып, окуу 10-июндан 15-июнга чейин болот. Ал эми лагердин катышуучуларына атайын сертификат тапшырылмакчы.

10.06.2019.1-күнү.  #ТилБилСАМР2019!Көп күттүргөн жайкы лагерь!!!


"Жакшы маанайда башталган  иш ИЙГИЛИК менен аяктайт" деген терен ишенич менен "ТилБилСАМР2019" лагеринин ачылыш аземин эн сонун маанайда башталды!

Лагердин ачылышы ата-энелер, англис тилчи мугалимдер, окуучулар, жана Атайын чакырылган коноктор менен коштолду. 

Лагердин өз ара таанышуу, достошуу бөлүгүндө  катышуучуларды 4 топко бөлүп алып,  Бөлүнгөн группалар боюнча ыктыярчылар менен биргеликте кызыктуу оюндар ойнолуп, ошону менен бирге окуучулар таанышып достошконго жетишишти. Ар Бир группадан ЛИДЕР жана ЛИДЕРдин жардамчысын шайлап алдык. Оюндар англис тилинде болгондуктан окуучулар өздөрүнө сөздүк куржунун дагыда болсо көбөйтүп алышты. Балдардын өздөрүнүн каалоо, сунуштары менен лагердин жүрүшүнүн эрежелери тузулду. Окуучулар алтын эрежелерди кыргызча айтышса, аларды ыктыярчылар англис тилине көтөрүп жатышты. Лагердин алгачкы  эле күнүндө балдардын  дилгирлиги көрүнүп, кызыгуусу артып, жүзүнөн сүйүнүчтөрү көрүнүп турду. 
Окуучулар менен иштешкендер, 
✔Travis✔Kristian ✔Risa✔Jored ✔Nuriza ✔Medina ✔Bayastan

Андан сон, райондук англис тилчи мугалимдер менен, билим беруу методдорун бөлүшүү үчүн түзүлгөн команда ✔"Brittany, ✔Annie, ✔Viktoriа,  ✔Elvira  5Кундук лагерибиздин жүрүшү, лагердин алтын эрежелери менен тааныштырып, өз ара ой бөлүшүштү! 

Ал эми, Ата-энелер менен жолугушуу бөлүгүбүздө лагерь боюнча келишим түзүп, шарттарды тааныштырып жана позитивдүү маанайда өздөрүнүн сунуш-пикир, ыраазычылыктарын айтып андан сырткары,  ата-энелер комитетин шайлап алып, сонун маанайда кайтышты! ✔Ата-Энелер менен жолугушуу ✔Kenje Sultanbaeva жана Ermek агайдын катышуусунда  өттү! 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости