www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адистердин айтымында, сабиз иммундук системаны бекемдейт, балыктын майы организмдеги оорутуу процессин басаңдатат. Тамакка кетчуп, томат ширесин, томат пастасын жана башка помидордон жасалган азыктарды колдонуу эркектерде простата рагынын өрчүшүн алдын алат.

Окумуштуулар айрым азыктардын ракка каршы касиети бар экендигин аныкташты. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Тизмеге алма кирген. Анын курамындагы полифенолдор эмчектеги рак клеткаларынын өсүшүн басаңдатат, ошондой эле жүрөк-кан тамыр илдеттерин жана инфекциялардын алдын алат.

Андан тышкары, кайчылашкан гүлдүү жашылчалар — брокколи, түстүү капуста жана кадимки капуста дагы рак клеткаларынын өсүшүн жайлатат.

Онкологиялык ооруларды азайткан азыктарга сабиз, балык майы, жаңгак, буурчак, кофе жана кетчуп кирген.

Сабиз иммундук системаны бекемдейт, балыктын майы ооруну басаңдатат. Тамакка кетчуп, томат ширесин, томат пастасын жана башка помидордон жасалган азыктарды колдонуу эркектерде простата рагынын өрчүшүн алдын алат.

Жаңгактын бардык түрүндө ракка каршы заттар бар. Төө буурчак, буурчак жана чечевица клетчаткага бай болгондуктан ичеги-карын менен эмчек рагынын  илдетин алдын алууга көмөкчү болот.

Ал эми кофе боордун циррозу менен рагын болтурбоого жардам берери айтылды.

Последние новости