www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ысык-Көл облусуна караштуу Талды-Суу айылынан ары карай укук коргоо органдары ар бир үй-бүлөөнү тинтип жатышат. Элдин баары бизди минтип тинткидей эмне кылдык деп таң калышууда. Бизди таң калтырганы биздин айылды милиция басып калды. Эмнеге ар бир үйдү текшерип, милиция толуп кетти? Садыр Жапаров террорист беле? Мен мына пайгамбар жанына келип калдым мындай бийликтин одоно мамилесин буга чейин көргөн жокмун”, - деген пикирин бүгүн, 5-апрелде Рахатбек Асанбаев билдирди.

“СССР убагында Бержневди, Усубалиевди көрдүм, Акаев менен Бакиевди көрдүм, так ушулардын убагында мындай акмакчылык болгон эмес. Карыган кишилер айтып жатат, “мындай нерсе Сталиндин заманында болгон эмес, эмнеге карапайым калктын үйүнөн бери тинтүү кылып жатышат, же Түптү Кыргызстандан бөлүп салалы, деп жатышабы? Элдер Садыр Жапаровду үй камагына чыгарсын дешүүдө, үй камагына чыгарбасын, анын камактан бошотсун”, деп талап кылууда. Садыр Жапаров, Каркыраны талашты, Кумтөр үчүн күрөштү, эл үчүн күйдү, эмнеси үчүн аны койдой кылып союп салат. Садырдай жигиттер кыргыздар бир жаралат. Эми элдер, аксакалдар жөө жүрүш жасайбыз десе аким барып алып элди тыйып жатат. Бизге бийликтин кереги жок, Садырды абактан чыгарып берсин, аны эл колдойт. Мына ЖК депутаттары бир-экөө эле колдобосо унчукпай олтурат. Мен Өмүрбек Бабановду шайлаганмын, бир нерсе деп үн каттыбы? Жок”, - дейт Рахатбек Асанбаев.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости