www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилекке каршы, жаңы бийлик келип Садыр Жапаров баштаган, Ташиевдер жаңы Кумтөрдү денонсацияга берип, Кумтөр кыргыз элинин колуна тиет деген жакшы кабарды укпай Мамбетов Шергазы Асанбаевич дүйнө салганы өтө оор жоготуу болуп жатат. Кыргыз эли өтө оор жоготууга дуушар болуп жатат. 1993 жылы биз биргелешип Жогорку Кеңешке сунуш кылып алтын комиссиясын түзүп биргелешип башка мүчөлөрү менен биргеликте изилдеп ошол кездеги президент Акаевдин ким экенин, кыргыздын 2 тонна Бирштейн менен уурдап кеткенине далилдеш, Кумтөрдү бергенге каршы чыгып, ошонун кесепетинен Акаев Жогорку Кеңешти таркатканга барып, Жульнический проектин сактап калыш үчүн, кыргыз элинин кызыкчылыгын сатып жатканын билип Мамбетов аягына чейин турган, эң таза инсан экенин көргөзүп келген мыкты адис, тоо кен өнөр жайын жакшы билген окумуштуу, билимин аябай ушул убакытка чейин сабак берип иштеп келе жаткан, кыргыз дегенде жанын аябай күйгөн патриот адамдан ажырапбыз.

Кош бол урматтуу Шергазы Асанбаевич, жаткан жериңиз жайлуу болсун, топурагыңыз торко болсун.

Рамазан Дырылдаев, Легендарлуу Парламенттин депутаты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости