www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгы сөз

Өткөн айда Алмазбек Шаршеновичтин кабыл алуусунда болуп, эки саттан ашык баарлаштык эле. Көп сөздөр болгон: алдыдагы саясый кырдаал, мамлекеттин келечеги, КСДПнын парламенттик шайлоого даярдыгы, анан айтылбай турган да курч-ой пикирлер орун алган. Ошол маектешүүнүн аралыгында үч-төрт ирет Райым Матраимов боюнча да кеп болгонун ыңгайы келип турганда ортого салайын. Атамбаев "Райым тоону томкоргон жигит. Мен буга чейин аны сындап, согуп келдим эле, эми баарын токтоттум..."- дегени эмнени билдирет? Албетте, бүркүт алыстан бүркүттү тааныган сыңары, саясатта, элдин көзүндө келишпестик болсо да, тар чөйрөдө өткөн күндөргө камчы салбай, кайсы бир деңгээлде баалоо, душман болушса да татыктуу түрдөгү тизгин тартышуу катары сыпаттагам. Бирок "Апрель" телеканалы болбой эле "шыбап" атканы- алардын чыгармачылык эркиндиги го?... Жашоо али алдыда, Райым мырза келечекте дагы далай тоолорду омкорот.

Асланбек Сартбаев

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер:

– Коомдо жаңы өзгөрүү болуп жатканда, авторитардык коомдон демократиялык коомго өтүү кезеңинде адамдар тууралуу ар кандай ойлор айтылат. Жаман дагы, жакшы дагы пикирлерди угабыз. Эгерде мындай байкасаңар, саясатчылар болобу, төбөсү көрүнгөн адамдар болобу, баардыгы жөнүндө тегиз «жакшы» деп айтпайт. Тегиз «жаман» деп да айтпайт. Бирок, жалпысынан адамга баа бере турган нерсе бул – убакыт. Кимдин ким экенин убакыт гана ордуна коёт. Же конкреттүү Райым Матраимов тууралуу айта турган болсок, анын жакшы иши болсо да, жаман иши болсо да, баардыгын убакыт жана мамлекет ордуна коёт. Баарын мамлекет гана иликтей алат. Тааныш эмес адамга мындай гана баа берүүгө болот. Эгерде кылмыш иши козголсо, мамлекет ал адамды кандайдыр бир иштерге күнөөлөбөсө, биз ал адамды «жаман» деп айтканыбыз туура эмес болуп калат.  Мыйзам боюнча адамдын күнөөсүн сот далилдейт, мамлекет далилдейт. Эгерде мамлекет ал нерселерди жасабай турган болсо, ал адам таза жана ак (!) деп эсептелет. Эгерде Райым Матраимов сот менен утуп, сот чечим чыгара турган болсо, анда бул мыйзамдуу нерсе. Анын кызматка келүүгө толук укугу бар. Ар бир адамды Кыргызстанда сотко берүүгө, сот аркылуу утуп кызматка келүүгө укугу мыйзамда каралган .

Булак: "Азия Ньюс"

 

Последние новости