www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республика аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-июндан 25-июнга чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында “Нелегал-Трафик” аталышында иш-чарасы алкагында өлкө миграция мыйзамын бузган жалпысынан 425 факты аныкталган.

- Анын ичинен Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 14 факты;

- Республика аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 160 факты;  

- Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 210 факты; 

- Чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 41 факты аныкталган.

Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын бузууларга 2 миллион 546 миң сомдон ашык айып пул салынган.

Андан сырткары, “Нелегал-Трафик” ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө эл аралык издөөдө жүргөн 1 адам кармалып, экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча кылмыштын 13 фактысы, мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 5 факты аныкталып, 4 ок атуучу курал табылып алынган.

Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан Германияга виза  берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргыз Республикасынын 100 жаранынын акчасын тартып алган компаниянын директору кармалган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. 

Ошондой эле, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз миграция каналын уюштурган Пакистандын жарандарынын кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюлду. 

Пакистандын эки жараны материалдык пайда табууну көздөшүп, 2022-жылдын июлунан ушул күнгө чейин өздөрүнүн жасалма фирмаларын пайдаланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жалган маалыматтарды берүү жолу менен кызмат көрсөтүп келишкен.  

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.   

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости