www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда жол кырсыгынан көз жумган беш кишинин үчөө кыргыстандык. Бул тууралуу “Sputnik”  КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова берген маалыматына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Россиянын Челябинск облусунда КамАЗ менен жеңил унаа кагышкан жол кырсыкта көз жумган беш кишинин үчөө кыргызстандык экендиги аныкталган. Үч кыргызстандыктын сөөгү Челябинск облусундагы өлүкканага жеткирилген. Ал эми, каза тапкан дагы эки киши боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Көз жумгандардын биринин тууганы окуя болгон жерге келди.   Калган маркумдардын жакындары изделип жаткандыгы айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 22-январь күнү, Бишкек убактысы менен саат 20.50дө Челябинск — Троицк жолунун 107-чакырымында Троицкти көздөй бара жаткан Honda үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу бурганактын айынан каршы тилкеге чыгып кетип, КамАЗ менен кагышкан. Кырсыктан көз жумган жеңил унаадагы беш киши кыргызстандыктар болушу мүмкүндүгү айтылган. Анткени автоунаа KG номерлүү болгон.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости