www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев канадалык кесиптеши Марк Гарно менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кумтөр кенинин айланасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү Канада тараптын демилгеси менен ишке ашкан. Анын жүрүшүндө Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзгөнгө аракет кылып келери айтылган.

«Кумтөр» долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуунун маанилүүлүгү белгиленди. Министр Руслан Казакбаев өлкөгө ак ниет бизнес жүргүзүүнү көздөгөн, улуттук мыйзамдарды сыйлаган жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаган чет элдик инвесторлор чакырыларын айтты», — деп жазылат маалыматта.

Тараптар күн тартибиндеги башка маселелерди дагы талкуулашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости