www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рысалиев жайлады

Ойлогонун тартынбай айткан, бирине жаксам экинчисинен ыдык көрүп калам деп кооптонбогон Зарылбек Рысалиев “Аккуланы берип, бирок камчы менен эки чылбыр бир тизгинди бербегениңиз кандай болот"- деп Атамбаевге кайрылды.

Ошол эле замат Сооронбай Жээнбековго да кайрылып, "Сиз Алмаз Шаршеновичке жарлыгыңыз менен айткан сөзүңүз бар эле. Ошону орундатып койбойсузбу. Жаңы жылда чакырып, баатырлыгын берип, төшүңөрдү тийгизип, бири-бириңерди кечирбейсиздерби! Эл ушуну күтүп жатат”-деди.

Эми президент Зарылбек Рысалиевдин сөзү менен жаңы жылдын алдында Алмазбек Атамбаевге Акшумкар сыйлыгын береби же ал жарлыкты артка чакыртып алып, биротоло жокко чыгарып салабы деген жагдай жаралды.

Президент аталган сыйлыкты экс-президент Алмазбек Атамбаевге берсе, анда кол тийбестикти алуу, жоопко тартуу аракети суу кечпей калат.

Ошон үчүн бул маселени "жети өлчөп бир кесип" Зарылбек Рысалиев айтты эле деп аткара салбай ойлонуп иш кылыш керек окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости