www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Рыскелди мырза, «Фабула» гезитин сатууңузга эмне түрткү болду?
-«Фабула» гезити менин атыма катталып, гезитке көп жыл эмгектендим. 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында мындан ары гезиттин каржы маселесин өзүңөр чечип, ийгиликтүү иш алып баргыла деген таризде гезитти жалпы жамаатка тапшыргам. Тилекке каршы, гезиттин беделин да, нускасын да түшүрүп алышкан. Каржы маселесин чече албай калганда коллектив чачырап, мыкты аналитик-журналисттер башка гезиттерге иштеп кетишти. Бир топ тыныгуудан кийин гезитти юридикалык каттоодон толугу менен Айбек Карымовго өткөрүп бердим. Ошондуктан гезиттин мындан аркы тагдыры кандай болоорун айта албайм.
-«Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» демекчи, обончу жана аткаруучу Айбек Карымов саясий гезиттеги саясаттын оюнун тартып кете алабы?
-Гезиттин башчысы журналист болушу керек деген талап жок. Маселен, мен журналист эмесмин. Менин журналистикага эч кандай тиешем жок, бирок, мен бул кесипти аркалап келем. Мисалы, Чыңгыз Айтматов өмүрүндө жазуучу болгон эмес, кесиби боюнча зоотехник. А бирок дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучу боло алды. Ошол эле Сооронбай Жээнбеков да саясатчы эмес, ал дагы зоотехник. Бирок, Кыргызстандын президенти да.
-Демек, Айбек мырза саясатка аттандыбы?
-Айбек Карымов сахна менен кош айтышып, саясатка аралашып, парламенттик шайлоого аттанганы турганын баамдадым.
Булак: "Ачык саясат"