www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент депутаты Рыскелди Момбеков «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанда саясий туруктуулукка кедиргисин тийгизерин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 15-июлдагы жыйынында билдирди.
«Был мыйзам эмес резолюция. Ал эми революция менен резолюциянын арасында бир эле тамга. Бул мыйзам менен парламентке жаштар келе албайт. Базаркомдор, банкирлер, бандиттер, олигархтар келет. Ушул мыйзам менен башка ким, кантип келет? Ким кепилдик берет? Эч ким».
Жогорку Кеңеште азыр шайлоо мыйзамдары талкууланып жатат. Документти президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg