www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы саясый кырдаалда парламенттин №1-жалындуу трибуну, кадимки даңазалуу Шекерден чыккан Рыскелди Момбековго эле кыйын болууда. Ал бирде Алмаз Атамбаевге жан тартып, кээде аны колдоп сүйлөп да жиберсе, көпчүлүк чечүүчү учурларда унчукпай кутулуп келатат. Ал аракеттеги мамлекет башчысынын экономикалык, социалдык, тышкы саясаттарын, өзгөчө коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүп жатканын колдойт.

Анткени, өзү таза, эч кандай жаман нерселерге аралашпаган, журналист болуп жүргөндө ичкичтерди, жегичтерди ашкерелеп, ал үчүн куугунтук да көргөн адам. Бирок, ал оор учурларда АША менен бирге болуп, анын гезиттеринин бирин чыгарып, ага жакындан аралашып, тузун да татып калгандардан. Мурдагы эки дос саясый, моралдык жана психологиялык жактардан биротоло эки жээкке бөлүнүп, мындан ары жолдору таптакыр бирикпей турган болуп калганда дайыма чындыкты айтып, түз, калыс жүргөн Рыскелди Момбеков эмне кылаарын да билбей калды окшойт. Ал АШАнын да, аракеттеги президенттин да көңүлдөрүн алып, экөөсү менен тең мамилесин бузбоого аракеттенет же экөөсүн тең кыйгысы келбейт. Бирге жүргөн күндөрүн эстегенде АШАга жан тартып кетсе, реалдуу абалды ойлогондо аракеттеги президентти колдогусу келип кетет.

Бирок, аракеттеги президент чындык, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн күрөштүн символуна айланса, АША чындыкка, мыйзамдуулука моюн сунбаган, өзүнүкүн гана туура деген кежир Телибайга айланган сайын, ал үчүн экөөсүнө тең жагуу, элестүү айтканда, эки отургучка бирдей отуруу чындыгында эле кыйын болуп баратат. Эмне дебейли, бул Рыскелди байкебиздин моралдык өзөгү бекем, оңой менен бир жакка оой албаган инсан экендигин айгинелейт. Египеттин төртүнчү президенти Хосни Мубаракка эл каршы чыккканда ал күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине: "мен силерге атаңардан да көп жакшылык кылдым эле. Башыма иш түшкөндө таштап кетесиңерби, мени коргобойсуңарбы?"- деген ачык талап койгондо, ошол убактагы коргоо министри, атайын кызматынын жетекчиси: "ооба, сиздин айткандарыңыздын бардыгы туура. Сиз биз үчүн кымбат адамсыз, бирок мамлекет сизден да кымбат, ошон үчүн сизди колдой албайбыз" - деп жооп беришкен.

Анын сыңарындай, жалындуу трибун, жанда жок чечен Рыскелди Момбековго да "Алмазбек аке, сиздин жакшылыктарыңызды кантип унутайын. Бирок Кыргызстан мен үчүн Сизден да кымбат болгондугунан гана мындан ары сизге кошула албаймын"- деп ачык айтууга мезгил жетти. Эл, мекен үчүн күйгөн эр жигит үчүн чечүүчү учурда эки жак менен тең көз кысышуу аморалдык көрүнүшкө айланып баратат, - деп "Де - Факто" гезити өз пикирин коомчулулкка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости