www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз барып, текшерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, өлкө башчы М. Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатына жана М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайына барды.

Мамлекет башчысы окуу корпустарын карап чыгып, балдардын окуу шарттары жана процесси менен таанышты.

Алсак, М. Абдраев атындагы мектеп-интернат совет мезгилинде курулуп, окуу корпустары оңдоп-түзөөгө муктаж, балдар жатаканасынын имараты болсо кейиштүү абалга келген.

М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы 1939-жылы курулуп, 2015-жылы имараттын маңдайкы бөлүгү гана оңдолгон. Жетекчиликтин маалыматы боюнча, эч качан капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес.

Күтүүсүз барып, текшерүүнүн жыйынтыгында Президент Жапаров эки мектепте тең капиталдык оңдоо иштерин жасоону, билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнү, ошондой эле эки мектептин аймагында балдар үчүн жатаканалардын жаңы имараттарын куруп баштоону тапшырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости