www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясый куугунтуктун желаргысы менен Садыр Жапаров түрмөдө отуруп, атасы, апасы жана уулу Дастандан ажырады (кайрат кылыңыз, жаткан жерлери жайлуу болсун!). Кабырга сөгүлгөн мындай кайгыны бийлик карап отурбай, Садыр мырзага гумандуулук кылуу менен эркиндикке коё берсе туура болмок.

Учурда ансыз деле жаза мөөнөтү теңинен ооп, жатак абагына чыгуу мезгили болуп калганын айтышууда. (Мыйзамдын миң түрлүү кыры бар экенин укук таануучулар жакшы билишет эмеспи.) Негизи Садыр Жапаровго эркиндик берилсе, эл дагы туура түшүнүп, бийликтин бедели да бекемделет болчу.

Жамандык ар бир адамдын башында бар, бирок мындай жамандыкты Кудай бере көрбөсүн! Түпкүлүгүндө саясаттан да жогору турган адамгерчилик, кыйын күндө жөлөк болуу, кечиримдүүлүк, сабыр кылуу сыяктуу баалуу сапаттарды унутпасак, келечек муунубузга да үлгү жасайт белек?, - дейт "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости