www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын мэри 2018-жылы майда талашка түшөт. Камчыбек Ташиевдин иниси менен Жээнбековдун кудасы Мураталы Тагаевдин күрөшү Тагаевдин пайдасына чечилет. Бирок быйылкы жайында Тагаев чоң муштумдугун көрсөтүп саунага кийирип бир байкушту сабап атагы чыгат. Тагаев бир апта мурда жетекчилик кызматка дайындалган агасы Абдималик Тагаев 28-августта өз каалоосу менен иштен кетти. Бул тууралуу мэриянын кызматкерлери билдирип, аны кызматтан бошотуу жөнүндө мэрдин буйругунун нускасын жиберишти. Маалыматтарга караганда, Абдималик Тагаев жумуштан бошотууну инисинен өзү суранган.

Ал мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына 21-августта дайындалган.Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы ички маршруттук каттамдарды көзөмөлдөйт. 52 жаштагы Абдумалик Тагаев буга чейин шаар мэриясына караштуу соода департаментинин башчысы, андан кийин “Жалал-Абад-Тазалык” ишканасында жооптуу адис болуп иштеп турган. Тагаевдердин дагы башка бир тууганы Абибилла Тагаев “Газпром-Кыргызстан” компаниясы куруп берген шаардагы ден соолукту чыңдоочу жайга жетекчилик кылат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости