www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында “Малиев өз кезинде Садырды “исламчы” деп жээриген”- таризинде макалалар жарык көргөн болчу. Андагы айтылган окуя окурмандар арасында талаштарды жаратты. Өзүн атагысы келбеген окурман редакцияга баш багып, дагы бир Малиевге тийиштүү окуя жөнүндө айтып берди...

- Саламатсызбы. Аты-жөнүңүздү атай аласызбы? Бул окуяга кантип күбө болуп калдыңыз эле?

- Мен Садыр Жапаровдун айылдашы болом жана анын апасы көз жумуп, жерге берилген күнү ошол жерде кызмат кылгам. Атымды айтпай эле койсом дейм, кантсе да айыл жеринде ар түрдүү сөз болушу ыктымал... Чынында, мен бул окуяны ошондон кийин эле унуткам. Анткени, кыргыздарда уча же жилик талашып чатакташкан кездер көп эле кездешет. Бирок, жакынкы күндөрдө гезит бетинен “Малиев өз кезинде Садырды “исламчы” деп жээриген”- аттуу макаланы окуп калдым. Ошондо гана бул окуя эсиме кайрадан түштү. Бирок, менде бир нече суроо пайда болду...

- Макул, атыңызды айтпасаңыз да, калган фактыларды так айтып бере алаарсыз?

- Албетте. Баары толук эсимде. Жаз айлары, марттын баш ченинде болсо керек эле. Ал кезде, макалада жазылгандай, Малиевдин теңирчи экенин деле билген эмесмин. Ошондуктан менде суроо туулуп жатат - анда неге мусулмандардын арасына келип, катышып жүрөт?

- Окуя кандай болду эле? Ирээти менен айта аласызбы?

- Алгач, огороддо митинг болуп өттү. Садыр аваны ак түстөгү джип менен Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана бир нече бейтааныш жигиттер алып келишти. Микрофондор коюлуп, саясатчылар жана Садыр аванын достору-тарапташтары сөз сүйлөштү. Ошол жерде да, Малиев сөзгө жулунган, бирок Сабыр ава сөз бербей койду. Анын ордуна Жылдыз Жолдошева сүйлөдү. Андан сырткары, Ташиев, Мадумаров, Бектур Асанов жана башкалар сүйлөп жатышты. Митингден кийин жаназа окулуп, андан кийин маркумду алып жөнөдүк. Жерге берип, кайтып келгенден кийин, аттуу-баштууларды, алысжакындан келгендерди чайга тартышты. Аксакалдар жана бир нече саясатчылар жаңы үйдүн экинчи кабатына киришти. Түздөгү чоң бөлмөгө олтурушту. Баары эле жакшы эле бараткан.

Бир кезде, эт тартыла баштады. Уча алып келген бала бир аз түйшөлүп калганда, чай ташып жаткан мен, аргасыздан көңүл бурдум. Баягы эле Малиевдин өкүмзар үнү угулуп жатты. Аксакалдар менен талашып, уча кимге тартылаарын аларга айтып баштады. Менин түшүнүгүмдө, жергенин аттуубаштуусу, кадырлуусу катары ошого (Малиевке) тартылыш керек экен. Аксакалдар ага макул болбой, ак күрмөчөн аксакалдын айтуусу боюнча, эң алыстан келген конокко тартса, салтка ылайык келет экен. Баарысы дуулдап, ошол пикирди колдоп кетишти. Көрсө, эң алыстан келгени - баткендик Улукбек Кочкоров экен.

Ошондо гана, Улукбек Кочкоровду таанып калдым. Президенттикке да койсо керек эле. Жанында дагы бир депутат олтурган, менимче Зиядин Жамалдинов болсо керек эле. Менин уча менен деле ишим жок... Болгону, эмне үчүн Малиев өзү теңирчи болуп туруп, мусулманча жерге берилип жаткан маркумдун үйүнө келип, аксакалдарга опурулуп, алардан уча талашат? Өзү теңирчи болсо, Садыр авамды “исламчы” деп жамандап жүрсө, анда кайсы бети менен анын үйүнө келип, мусулманча салт-каадага аралашып жүрөт? Же, 3-4 килограмм жылкы эти үчүн тоголонгон немеби? Биздин угушубузча, бай эле жашаган немедей көрүнчү. Садыр авам апасын жоготуп олтурса, ага катары түзүгүрөөк көңүл айтканга жараган жок, тескерисинче, уча талашканы элдерге жаккан жок.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Последние новости