www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Алтайда кыргызстандык инструктор Марсел Сталбеков көз жумду.

Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, 20-июлда «Мастерафт» компаниясынын инструктору Марсел Катунь дарыясында туристтер отурган кайыкты башкарып бара жаткан. Бирок кайык аңтарылып кетип, 10 адам сууга жыгылган.

Алардын ичинен 9 киши өз жанын сактап калышкан, бирок Марсел сууда калган.

«Сууга жыгылгандар жарга жабышып, Марсел 15 секунд сайын суунун үстүнө чыгып жатканын көрүшкөн. Анын жүзү көгөрүп, кайра кызгыл-көк болуп жатканын да байкашкан. Демек жүрөгү согуп жаткан. Эгерде биз анын жанына бара алганда… Балдар 40 мүнөт жарда асылып, Марселдин өмүрү кыйылып жатканын карап турушкан», - деди журналисттерге кырсыкка кабылгандардын бири Анатолий.

Маркумдун апасы Венера прокуратурага арыз менен кайрылды. Арызда туристтер Марселдин сөөгүн суудан алып чыкканга аракет кылышканы айтылат.

Венеранын айтымында, уулу каза болгонун 21-июлда уккан. Уулунун сөөгүн табуу үчүн 22-июль күнү түндө Тоолуу Алтайга учуп барган. Ошондой эле ал Марселдин жетекчиси — «Мастерафт» компаниясынын директору Константин Шмальц менен байланышкан.

«Марсел эмне болгонун айтып берүүнү сурандым. Ал кайдыгер мамиле менен чөгүп кеткенин билдирип, «Эрте келип алган жоксузбу?» деп сурады. Бирок мен уулумдун эмне болгонун биринчилерден болуп билишим керек болчу да. Биз ал киши менен жолуктук. Мен окуя кайсы жерде болгонун көргүм келди. Анан ошол жерге жөнөп кеттик. Ал кайдыгер болуп турду», - деди Венера журналисттерге.

Марселдин сөөгүн 30-июлда табышкан. Күбөлөрдүн айтымында, окуя болгон күнү полиция кызматкерлерин 3 саат күтүшкөн. Ал эми куткаруучуларды эч ким чакырган эмес.

Венера уулунун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү көздөп жатат. Андан тышкары маркумдун туугандары прокуратурадан текшерүү иштерин жүргүзүүнү суранууда. Себеби дарыядагы айрым жерлер кооптуу болчу.

«Мастерафт» компаниясынын жетекчиси Константин Шмальц видеодо Марсел суудан бир топ убакыт өткөндөн кийин чыкканын белгилеп, жыгылганда бир нерсе болгон деп божомолдоду.

«Суунун үстүнөн денеси көрүнгөндө башын көтөргөн эмес. Балким анын үстүнөн адам жыгылган. Мындай учурда адамдар өздөрүн көзөмөлдөбөйт жана бири-бирин чапкылайт. Бири-биринин үстүнө кулайт», - деди ал.

Константин Шмальц маркумдун үй-бүлөсүнө каржы жактан жардам көрсөтүлгөнүн да белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости