www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго

КРнын КЖКнин 30-ст. 4-б. жана 227-ст 2-б.1,3-п, менен соттолгон Жапаров Садыр Нургожоевичтин кызыкчылыгын жактаган жактоочусу Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунун Терексай көчөсүнүн 60-үйүнүн тургуну Токтосунов Шарабидин Бекташевичтен

Соттолгон Садыр Жапаровдун апасын акыркы сапарга уруксат берүү жөнүндө

А Р Ы З :

Урматтуу Сооронбай Шарипович, 2019-жылдын 7-март күнү Кыргыз Республикасынын 3 жана 5-чакырылышынын депутаты, Ата-Журт фракциясынын лидери, Коруппцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген, «КУМТӨР» боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссияны жетектеп, "КУМТӨРдүн" былыктарын чубап чыккан, коомдук ишмер, азыркы учурда эч кандай күнөөсү далилденбей саясый буйруктун курмандыгы болгон эл уулу Садыр Нургожоевич Жапаровдун апасы 1942-жылдын 10-октябрында туулган Максүтова Кадижан эне 77 жаш курагында Бишкек шаарында Республикалык оорукананын «УРОЛОГИЯ» бөлүмүндө каза болду.

2019-жылдын 9-март күнү саат 11.00до Ысык-Көл областынын Түп районунун Кең-Суу айылында тажыясы болот. Ошол жерге беруу аземине, апасын акыркы сапарга узатып топурак салуу үчүн Чүй областынын Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы № 1-катуу режимде саясый репрессиянын негизинде жаза өтөп жаткан Садыр Нургожоевич Жапаровго уруксат берүүңүздү суранамын. Албетте мыйзам жол бербейт деп айтышыныздар мүмкүн. Негизсиз, күнөөсүн далилдебей туруп, мыйзамды көз көрүнөө тебелеп, жабырлануучу Каптагаев Эмилбек Саламатович өзү Садыр Жапаровдун мени барымтага алганга эч кандай тиешеси жок деп айтып жатканына карабай 11 жыл 6 айга соттогон мыйзам. Садыр Жапаровго апасын акыркы сапарга узатуу үчүн дагы жол бердирсе болот деп ойлоймун.

Адвокат: Ш.Б. Токтосунов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости