www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жер-жерлерде "Атамбаевсиз КСДП" деген жыйындарды уюштуруп жаткандарды парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабыл алды. “КСДПга жалаң уурулар, коррупционерлер келип алышты”- деген сындуу катуу сөздөр айтылды. Анан “ошолордон тазаланыш керек, анын башында турган Атамбаевди съездде гана кетиребиз”- деген сөз болду. Съездди кандай өткөрүш керек - ал дагы айтылды. Мына ушундай сындын баарын Иса Шейшенкулович абдан туура кабыл алды деп ойлойм. Иса Өмүркулов терс эч нерсе айткан жок. “Туура” деп колдоду. “КСДПнын мүчөсүмүн” деген Нурбүбү Кененбаева да Жогорку Кеңеште Иса Өмүркулов менен жолукканын билдирүүдө. Ал партияны реформалоо боюнча бир катар сунуштар тууралуу сөз болгонуна токтолду: мисалы, Бакиев качкандан кийин “Ак Жол” партиясы жоголуп кетти. Лидер кетсе эле партия да жок болуп кетпеши керек да! Анткени партияга чогулган эл бар. Канча деген өмүрлөр, тарых бар. Ошону сактап калалы деп биз партиялаштарды колдодук.

Биринчи кезекте райондордо конференцияларды уюштурдук. Кийин облустарда болду. Максат - партияны коррупционерлерден тазалоо, лидерин алмаштыруу, уставга өзгөртүү киргизип, “партияны саясий кеңеш башкарсын” деген чечим кабыл алуу. “Атамбаевсиз КСДП” деген жыйындар төрт облуста, Чүй облусунун бир катар райондорунда өткөрүлдү. Көпчүлүгу “экспрезидент Алмазбек Атамбаев КСДПны жеке менчигине айлантып, партиянын түптөлүшүнө салым кошкон эски партиялаштарын четке сүрүп койгонун” айтууда.

Ооба, биз жөнүндө “КСДПнын расмий өкүлүмүн” деген Кундуз Жолдубаева: “Сагынбек Абдрахманов партиянын саясий кеңешинин чечими менен былтыр эле партиянын катарынан чыгарылган”, “Партияда мурда деле саткындар, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон уйгактар болуп келген. Азыр болуп жаткан бул оюндардын артында чоң күчтөр турат. Алар партияны бөлүп-жарганга кызыкчылыгы бар. Бирок бул ыплас иштер эч нерсеге алып келбейт, майнап чыкпайт. Анткени КСДПны Атамбаевсиз элестетип болбойт”- деген тейде тантырап жатат.

КСДП фракциясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров фракция лидери менен КСДПнын айрым мүчөлөрүнүн жолугушуусунда айтылган сөздөр жалпы фракция депутаттарынын пикирин билдирбей турганын айтыптыр:

“Иса Шейшенкулович КСДПнын Ысык-Көлдөн келген мүчөлөрү менен жолукканы тууралуу маалыматым бар. Ажырым азырынча так көрүнө элек. Кандай ажырым, эмне болгон ажырым экени келечекта даана билинет. ММКларда туура эмес маалыматтар чыгып калды. Анткени бул маселе фракцияда каралган жок. Ошондуктан фракцияда каралбаса, добушка салынбаса ал жалпы фракциянын ою болуп эсептелбейт”.

Саясат талдоочулар КСДП фракциясынын депутаттары менен партиянын ортосундагы ажырым мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу учурунда эле белгилүү болуп калганын айтып жүрүшөт. 

Саясий эксперт Марс Сариев КСДПдагы бир топ саясатчылар азыркы бийликти колдоп жатканын айтканын кыстара кетели: “КСДП фракциясынын көпчүлүк депутаттары Сооронбай Жээнбековду колдойт. Ал эми Иса Өмүркулов саясатта калгысы келет. Буга чейин шаардын мэри болуп келүүгө аракет кылган. Эгер Атамбаевдин эң жакын адамдары ушинтип экинчи тарапка өтүп кете берсе Атамбаевдин саясаттагы салмагы абдан төмөндөп кетет”.

Урматтуу окурман, сиз өзүңүз деле көрүп тургандай, КСДП А.Ш.Атамбаевдин алты жылдык башкаруусундагы калпыстык эмес, жалаң жемкорлук менен уурулукка даңгыр жол ачып бергенин кечээ “Элдик Курултайда” даңаза кылып айтылгандыгынан кабардарсыздар. Кыргыз журтунда эң бир таза сезимди тандап, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу партиянын ичиндеги жеке басарлыкты түп тамырынан жоюуга билек түрүп кириштик. Бул максатыбызга жетерибизше ишенгиле калайык журт!!! Анткени, чындык биз тарапта!

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости