www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалына койгон доо арызы бүгүн, 24-январда каралашы керек эле.

“Апрель” телеканалынын өкүлдөрү А.Алагушев, А.Исаева жана Алмазбек Атамбаевдин өкүлү К.Турдалиевдин суранычы боюнча сот отуруму 30-январга жылдырылды. Бул тууралуу “NazarNewsка” саясатчылардын расмий өкүлү Динара Ашимова билдирди.  

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана 10-26-декабрда “Апрель” телеканалындагы  маеги  үчүн аталган каналдын редактору Дмитрий Ложниковдун үстүнөн Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости