www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин тергөө кызматы ишкер Айеркен Саймаитини коркутуу фактысы боюнча Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин материалдарын алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта билдиргендей, аталган кылмыш иши боюнча милиция кайрылгандардын коопсуздугуна кам көрүүгө даяр.
“Башкы прокуратурадан материалдар кечээ келди. Тергөө иштерин ИИМдин тергөө кызматы жүргүзөт. Аталган кылмыш иши боюнча кайрылгандарды милиция мамлекеттик коргоого алат”, -деп ведомстводон билдиришти.
Эске салсак, аталган журналисттик иликтөөдө Айеркен Саймаитини жана айрым журналисттерди бир нече жолу өлтүрүп кетебиз деп коркутушканы тууралуу айтылган. Журналисттик иликтөөнүн бул бөлүгү Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде “Өлтүрүүгө аракет кылган” беренеси боюнча катталды. Башкы прокуратура бул ишти иликтөө үчүн ИИМге өткөрүп берген. Сотко чейинки өндүрүштү Башкы прокуратура көзөмөлгө алат.
Булак: NazarNews.kg