www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министири Космосбек Чолпонбаев мырза өзүнүн замы жана кол алдындагы иштеген адамы 84 миң долларлык эки жол тандабасты сатып алганын билбептир. Кызыгы элдин баары билип, өзү билбей калганы капка шибегени катып алгандай эле иш болуп жатат. Андан дагы чоң эле киши каратып туруп жаш баланы алдагансып “мен билген эмесмин” дегени бул күлкү келе турган иш болуп жатпайбы. Жок дегенде көпчүлүк ишене тургандай шылтоо таап алса да сөз башка эле.
Курган кишиге атасы “калп айткан болбойт” деп үйрөтпөсө керек. Болбосо мынчалыкка барбайт эле. Андан дагы Космос мырзаны бул ишке дайындап жатканда өкмөт башчы, “мурда кылмыш ишине кириптер болуптур, эгер бир кичине эле кылтың-мылтыңы билинсе иштен айдайм” деп айтканы бар. Эми иштен айдайбы же алчуусун алып, кечирим береби аны убакыт таразасы билет. Айткандай деги мындай чоң кызматтарга мурда кылмыш иши козголбогон, таза, эл үчүн кызмат кыла турган бирөө жарым келген күн бар болду бекен. Көнгөн адаттары калбай, ишке кирип, качан кылмыш кылышканда эле “мурда дагы кылмыш иши козголгон” деп сөз чыгып калат. Бул эми кызматты сатып алгандан белги берип жатканы ачык эле билинип калып жатпайбы. Албетте аларга да туура түшүнүү керек, жогору жакка берген акчаны кайра чогултуп алуунун амалы экенин ким түшүнбөйт.
Булак: NazarNews.kg