www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Ысык-Көл облусунун жетекчиси Бакытбек Жетигенов.
Ысык-Көл облусунун жетекчиси Бакытбек Жетигенов тажрыйбалуу, жоопкерчиликтүү жана элге жакын жетекчи катары белгилүү. Ал ар дайым адилеттүүлүктү, ачык-айкындуулукту карманып, эл менен түз эриш-аркак иштөөнү артык көргөн жетекчилердин бири.
Мындай жөнөкөйлүгү, угуп-түшүнө билгени жана чынчылдыгы үчүн эл арасында сый-урматка ээ. Анын жетекчилигинин алдында облус аймагында инфраструктураны өнүктүрүү, туризмди жандандыруу жана жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү багытында бир топ иштер аткарылып жатат. Ырасында, Бакытбек Жетигеновду элине кызмат кылууну негизги максаты кылган, облустун өнүгүшүнө чын ыкласы менен салым кошуп жаткан инсан десек жарашат.
Буга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеп турганда да бир катар олуттуу ийгиликтерге жетишип, шаар инфраструктурасын жакшыртуу, коомдук тартипти чыңдоо жана жашоочулардын жашоо шартын оңдоо багытында жигердүү иштерди жүргүзгөн. Анын ошол кездеги ишмердүүлүгү элдин ишенимине жана колдоосуна арзыган.