www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венгрия Орусиянын президенти Владимир Путиндин АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Будапештке жасаган сапары учурунда Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) камакка алуу ордери боюнча талаптарын аткарбайт жана Путин камакка алынбайт. Бул женунде ТАССтын кабарчысына берген интервьюсунда Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сиярто билдирди.
«Биз бул жерде Владимир Путинди кабыл алып, анын ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анан мекенине кайтып келишине шарт түзөбүз», - деди Сиярто.
Анын айтымында, Венгрия өкмөтү АКШ менен Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүсү коопсуз жана тынч чөйрөдө болушу үчүн бардык зарыл шарттарды камсыздайт.
Сиярто ошондой эле Венгриянын Будапешттеги саммитке байланыштуу союздаш өлкөлөр менен кеңешүүнү пландабаганын жана бул маселе боюнча эч кимден уруксат сурабай турганын баса белгиледи.
"Биз эч ким менен кеңешүүгө милдеттүү эмеспиз. Венгрия - суверендүү мамлекет", - деди Сиярто өз өлкөсүнүн позициясын белгилеп.
Маалым болгондой, Венгрия 1999-жылы Рим статутуна кол коюп, 2001-жылы аны ратификациялаган. Дал ушул документтин негизинде Эл аралык кылмыш соту иштейт. Бирок 2023-жылы эле Венгрия өкмөтү Путин барган күндө да камакка алынбайт деп билдирүү жасаган.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барган. Бирок Эмомали Рахмондун өкмөтү Путинди камакка алган эмес. Евробиримдик Тажикстанды Путинди камакка албаганы үчүн Эл аралык кылмыш сотунун талаптарын аткарбай жатат деп айыптады. Себеби, Тажикстан 2002-жылдан бери Эл аралык кылмыш сотуна мүчө.
Путин менен Трамптын Будапештте боло турган жолугушуусу Евробиримдик үчүн “саясий коркунучтуу түш” деп аталууда, деп жазат El País.
Анда белгиленгендей, саммиттин Венгриянын борборунда жайгашканы «Европаны жек көрүүнү» көрсөтүп, Евробиримдиктин жана НАТОнун башка лидерлерин уят абалга калтырат, деп жазат басылмалар.