www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрь айында Бишкектеги "Азаттык Арена" жаңы стадионунда өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин каада-салтын жана маданиятын жайылтуу, ошондой эле маданият жана спорт жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт. Бул оюндар салттуу түрдө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, туризмди, тажрыйба алмашууну, элдердин ортосундагы диалогду тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси, 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, 2024-жылдагы Париждеги Олимпиаданын коло байгесинин ээси, эмгек сиңирген спорт чебери.

Последние новости