www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg агенттиги коомдук ишмер, “Кумтөр” маселесине кайдыгер карабаган  Самат Алиевди кепке тартып, айрым суроолорго жооп алды.

-Самат мырза, “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра гольд”  компаниясы “Кумтөрдү” кытайларга сатуунун аракетин көрө баштаптыр.  Кыргызстан кытайлараг саттырбай коё алабы?

-“Центерра гольд” компаниясы  өзү билип, кыргызстан менен макулдашпай  кытайларга сатуу аракетин баштаганы  мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыкка каршы келет.  Бул биринчиси. Экинчиден, стратегиялык келишим мыйзамдын алкагында  түзүлүп, Жогорку Кеңеш аркылуу бекитилген. Үчүнчүдөн, долбоор боюнча депутаттык жана мамлекеттик комиссиялардын  чечимдери чыгып, “Кумтөр” кенин иштетүүдө жаратылышка  экологияга зыян келтирилип, коррупциялык иштер аныкталган.  Ошондукан, кыргыз өкмөтү алар не дейт деп  күтпөй эле, тез арада бул маселе боюнча жумушчу топ түзүүп, тиешелүү иштерди жасашы керек. Мүмкүн эл аралык сотторго кайрылышыбыз керектир.  Себеби, “Кумтөр” чындап кытайлыктарга сатылып кетсе, анда бул улуттук трагедия болот. Бийлик ак экенине көзү жетсе да, жок жерден камакка алынганын билишсе да унчукпай отурганныа караганда Садыр Жапаровду дагы “Кумтөрдү” сатып алалы деген максатта чыгарышпай жаткан окшойт  деген ойго жетеленет экенсиң.

-Эгер кытайларга чындап сатылып кете турган болсо, Саапр исаков түзгөн келишимдеги онкологиялык тармакты жакшыртуу 10 миллион доллар, жаратылышты коргоо деген 50 миллион доллар бөлүнбөй калабы?

-Чынын айтсам, бул маселе боюнча менде толук маалымат жок. Анткени,  Сапар Исаков кол койгон келишимдин өзү ачыкка чыга элек. Бирок, “Кумтөр” боюнча келишим туура түзүлүп, мамлекеттик кызыкчылык жогору коюлса, медицина тармагына өтө керектүү жабдыктарды өзүбүз эле алып, ал эми долбоордогу экологиялык коопсуздука бөлүнгөн каражаттар аталган суммадан бир нече эсе көп болмок. Бул бир жагы. Экинчи жагы каражат бөлүнөр, бөлүнбөсүн убакыт көрсөтөт. Өкмөт кандай болгон күндө да төлөтүп алуунун жолун табышы керек. Ушунча алданганыбыз деле жетет. Мындан ары “Кумтөр” маселесине катуу турушу керек.

-Самат мырза, мамлекетке, элге каршы  түзүлгөн чыккынчы келишимдер үчүн тиешелүү адамдарды жазалаш керекпи?

-Албетте, “Кумтөр” долбоору боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген жана чыккынчылык шарттар менен түзүлгөн келишимдер үчүн Акаев баш болгон ажоолор, эгерде Кытайга сатылса бүгүнкү бийликтер дагы жоопко тартылышы керек. Ал эми келишимдерге кол койгон мамлекеттик кызматкерлер дагы, тарыхта чыккынчы болуп калышат. Элге кылган кыянатчылыгы үчүн керек болсо абийир алдында да жооп беришет. Анткени элдин убалы, ууланган жаратылыш буларды кечирбейт. Эртеби-кечпи ушул иштеринин кесепетин тартышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости