www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги коомдук ишмер, Самат Алиевге кайрылып, тоголок каттын алкагында ой бөлүштү.

-Самат мырза, Фарид Ниязов Нурбек Токтакунов жарыялаган тоголок каттагы жазылгандар чын экенин айтты. Бул маалыматтын аныгына жетиш үчүн кандай нерселер жасалышы керек?

-Бул маалыматты ким жарыя кылса да, андагы маалыматтар чын деп Фарид Ниязов бышыктаса да, мамлекеттик коопсуздук кызматы алектенчү маселе болуп калды. Жакынкы убакта Жогорку Кеңеш комиссия түзүп, бул маалыматтардын чын-бышыгын аныктоого киришиши керек. Россиянын АКШнын президенттик шайлоосуна кийлигишти деген шеги боюнча ушул убакытка чейин иликтөө иштери уланып келе жатат. Бул жарыяланган маалымат далилдениши керек же четке кагылышы керек. Антпесе бул нерсе кыргыз мамлекеттүүлүгүнө урулган чоң сокку болуп калат. Кандай болгон күндө да мамлекетибиздин туруктуулугу жана коопсуздугу Атамбаев-Жээнбековдун жеке тирешүүлөрүнөн бир топ жогору турушу зарыл.

-Бул нерсе Атамбаевдин менин кадрларымдан колуңду тарт, камаба деген күрөш айбат көрсөтүү эмеспи?

-Ким билет? Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кекчил жана ызакорлугу жалпыбызга белгилүү. Ал эми жалаң гана Атамбаевге жакын саясий жана коомдук ишмерлердин коррупция иштерине шектүү деп камака алынганы дагы, бул саясий куугунтукбу деген суроону туудурбай койбойт. Ал эми азыркы бийлик менен тил табышкан көптөгөн кылмыштуу иштерге шектүү депутаттар ээн эркин эле жүрүшү да таң калтырбай койбойт.

-Эгер тоголок каттагы маалыматтар чын болуп чыкса, президенттик шайлоо кайра баштан болушу керекпи?

-Негизи Кыргыз Республикасындагы Акаев, Бакиев жана Атамбаевдердин убагында болгон шайлоолордо административдик системанын колдонулушу жана шайлоочуларды каражат аркылуу кызыктыруулар болгону жашыруун деле эмес. Акыры түбү буга чекит коюлушу керек болучу.Чекит коюу мүмкүн ушул убакытка келгендир. Кандай айтсак да, коомчулукта эки ача пикир пайда болду.

Ошон үчүн бул маселенин тегерегинде күмөн саноолор болбош үчүн дыкат иликтөө иштери болушу керек. Мыйзам бузуулар тастыкталса, анда кылмыш иштери козголуп, тиешелүү адамдар жазага тартылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости