www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Бажы кызматы планды ашыра аткарып, 74,3 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултканын билдирди. Бажы кызматынын жетекчилиги мекемеде көзөмөл жана тейлөө жакшырып, коррупция толугу менен жоюлганын билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков өткөн жылы бажы тармагын санариптештирүү боюнча олуттуу иштер жасалганын белгиледи. Анын айтымында, Кытай менен Өзбекстандан келген жүктөрдүн көлөмү да өскөн.

«Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн мындай көрсөткүчү Кыргызстандын Бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалууда. Негизги себептердин бири – 2022-жылдын башынан бери аткарылган санариптештирүү иштери. Жыйынтыгында жакшы натыйжага ээ болдук. Бул чаралардын аркасында коррупциялык схемаларды толугу менен жок кылдык деп ишенимдүү айта алам. Бул негизги себеп, — дейт Бажы кызматынын башчысы.

Бирок декабрь айынын аягында парламент 2022-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Буга чыгымдын 35,4 миллиард сомго көбөйүшү жана Бажы кызматы мурда белгиленген планды аткаруу мүмкүн эместигин билдиргени себеп болгон. Алсак, мыйзамда бюджеттин киреше бөлүгү 282 миллиард сомдон 272 миллиард сомго кыскарып, чыгаша бөлүгү 307 миллиард сомго чейин көбөйтүлгөн. Бажы кызматы үчүн план 73,7 миллиард сомго чейин кыскарган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости